Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-берененин 8 пунктундагы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 18 жана 31-беренелерине ылайык Кайынды шаарынын мэриясы тарабынан корсотулуучу муниципалдык кызматтардын тизмеси Кайынды шаардык кенешинин сессиясында бекитилди.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№ |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы |
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандарттандаштырууга жооптуу ыйгарым орган |
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер |
Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз |
1 |
Кыш мезгилинде жетим балдарга, согуштун ардагерлерине, ооруктун катышуучуларына, афган, баткен ардагерлерине, кургак учук менен жабыркагандарга бир жолу жыгач отун берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акысыз |
2 |
Аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдөгү балдардын ар кандай мелдештерге катышуусуна керек болгон учурда транспорттук чыгымдарын төлөп берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
3 |
Аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдөгү балдардын мектепке баруусуна бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
4 |
Кургак учук менен жабыркаган адамдардын санаторийге баруучу жол киресин бир жылда бир жолу төлөп берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
5 |
Муктаж болгон жарандардын кайралуусу боюнча социалдык абалына жараша бир жолку жардам көрсөтүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акысыз |
6 | Жашагандыгы тууралуу аныктама берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
7 | Жашагандыгы тууралуу акт берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
8 | Туруктуу жашаган жерине каттоо жана чыгаруу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
9 | Жашаган жерине убактылуу каттоо | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайынды шаарынын мэриясы | Акы төлөнүүчү |
10 |
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
11 |
Таштандыларды жана агып чыккан сууларды кабыл алуу | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
12 |
Катуу таштандыларды чогултуу жана утилдештирүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
13 |
Жарнамалык такталарды ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
14 |
Кичи — футболдук талааны ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
15 |
А.И. Радченко атындагы спорткомплексти, Кайыңды шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин футбол талааларын жана спорт залдарын ижарага берүү | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |
16 |
Муниципалдык мончого кирүү акысы | Кайынды шаарынын мэриясы | Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаменти | Акы төлөнүүчү |