Кайынды шаарынын тарыхына себеп салсак, союз тарагандан 1993-жылдарга чейин Кайыңды поселкалык совети, 2008-жылга чейин Кайыңды айыл өкмөтү, 2012 — жылга чейин Кайыңды кыштактык
башкармалыгы, 2012 — жылдан баштап Кайыңды шаарынын мэриясы деп аталып келе жатат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык баскычтарын басып өттү десек жанылышпайбыз. Кайыңды шаарынын мэриясынын административдик имаратынын капиталдык ремонту 2015-2016-жылдардагы мэриянын бюджетинин эсебинен каржыланып, жалпы суммасы 7845,8 сомду түзүп, 2016-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын утурлап ишке берилди.