Кулсара Сулайманова атындагы мектеп-гимназиясы 2016-2017-окуу жылына карата жалпы суммасы 9 млн сомдон турган проекттин негизинде республикалык бюджеттен каржыланып капиталдык оңдоодон өттү. Бүгүнкү күндө мектептин эшик-терезелери талапка жооп берген, заманбап материалдар менен камсыздалып, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарттар түзүлдү.